www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Урматбек Акунов Казакстандан Кыргызстанга кирген качкындар тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өз пикирин билдирди.
"Мындай ич ара арыздашуу биздин өлкөдө дагы болуп келген ошону эске алып карасак өзбек президентинин Каримов өзбек качкын жарандарды кабыл алган эмес. Ошондой эле бул учурда Өкмөт башчы Абылгазиев ыкчам чара көрүп саясий чечим кабыл алыш керек болчу. Казакстан тарап мындай чыр болоорун билишкен деп эсептейм. Анткени Кең булуңдагы эки май куюучу жайларын жабышып ыкчам тозуп чек араларын бекемдеп бекитишкен. Бул качкан жарандар дунгандардын өз өлкөсү эмес биринчиден, экинчиден бул жарандар баш баанек сурашкан жок. Эң эле коркунучтуусу азыр Корона вирус оорусу боюнча катуу күзөт болуп жаткан маалда мындай массалык кийиргени туура эмес чечим элдин коопсуздугун эске албай, шалаакылык кетирди. Биз жарандык коом Өкмөт башчысы Абылгазиевтин, чекара башчысы Уларбек Шаршеевтин, Фито санитария башчысы Жумаканов Калысбектин жумуштан кетишин талап кылышыбыз керек. Казакстан бизден чоң өнүккөн өлкө катары өз жарандарына өзүлөрү кам көрүшмөк деп эсептейм",-дейт Урматбек Акунов.
Белгилей кетсек, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталган.
Аталган массалык ызы-чуудан сегиз адам каза болуп, 40 адам жабыркаган. Бул окудан кийин 8-февралда үч айылдын тургундары казак кыргыз чек арасынан кыргыз тарапка өтүп башташкан. Болжол менен 4000 жакын адам Ысык-Атанын айылдарына келип, туугандарыныка жайгашкан. Ошондой эле Токмок шаарынын ооруканасы жабыркагандарды да кабыл алып, медициналык жардам көрсөткөн.
Булак: NazarNews.kg