www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 1айлык ишмердүүлүгүн карады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, бүгүн Баткен ОИИБнын жыйындар залында облус аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин 2020-жылдын январь айы ичинде аткарган иштери боюнча жыйын болду. Ага Баткен ОИИБнын башчысы Акылбек Мамасейитов катышып, ар бир район-шаарлардын аткарган иштерин укту.
2020-жылдын январь айы ичинде облус аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 3 профилактикалык рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты үгүт-насаат иштерин жандандыруу жана жол кырсыктарынын алдын алуу. Январь ай ичинде 2184 Бузуулар Кодексинин негизинде протоколдор түзүлгөн. Мас абалында автоунаа башкарган 25 айдоочу кармалып, алардын ар бирине 17500сомдон айып пул салынган. Облус аймагында 1 ай аралыгында жалпысынан 24 жол кырсыгы катталып, 6 жаран каза болгон. Негизинен жол кырсыктары түнкү учурларда катталууда.
Мындан тышкары, башкармалыктын башчысы Акылбек Мамасейитов: “Биздин биринчи милдет адам өмүрүн сактап калуу, ошондуктан ар бир кызматкер аткарган жумушуна жоопкерчилик менен мамиле жасоону талап кыламын” деп белгилеп кетти. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин ишин жакшыртуу, ошондой эле адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын алдын алуу максатында кызматкерлер февраль айынын аягына чейин жер-жерлерде түнкү кызматтарда иш алып баруу тапшырмаларын койду.
Булак: NazarNews.kg