www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын айрым аймактарын катуу бороон каптап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Британияда «Киара» деп аталган жаан аралашкан катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жеткен. Натыйжада, Хебден-Бриж, Ланкашир шаарларында дарыя нугунан чыгып, жүздөгөн турак жайды суу каптап, бак-дарак кулап, электр зымдары үзүлдү.
Мындан тышкары ушул эле бороон Германияда «Сабина» деп аталып, соңку жылдардагы эң катуу бороон-чапкын деп мүнөздөлүп жатат. Амстердамдагы «Схипхол» аэропортунда 240 аба каттамы токтотулду. Франция менен Ирландияда тургундарга эскертүү берилип, темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады.
Булак: NazarNews.kg