www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кенеште «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө.
Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору Дүйнөлүк банк менен биргелешип иштелип чыкканын, анын жүрүшүндө бир топ чалкеш жоболор оӊдолгонун билдирди. «Айрым жоболорду ошо бойдон калтырыш керек. Ар бир компаниянын өз жетекчиси бар, жоопкерчилик ошолорго жүктөлүшү зарыл», - дейт ал.
Бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен бирге, экинчи окуу жүрүшүндө өз сунуштарын берише турганын билдиришти. Алардын пикиринде, анда азыртан оӊдой турган бир топ чалкештиктер бар.
Белгилей кетсек, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган.
Булак: NazarNews.kg