www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Аэрофлот» келээрки аптадан тарта Орусиядан Кыргызстанга каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
Анын билдирүүсүндө, учурда темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга макул болгон, Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди министрдин орун басары.
Депутаттар парламент жыйынында мигранттар маселесин көтөрүшкөн. Алар Орусиядан каттамдарды көбөйтүүнү, авиабилеттин баасын арзандатуу аракетин көрүүнү сунушташкан.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтотконун расмий сайтына жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg