www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунун жанындагы бак-дарактар кесилип жатканы боюнча “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги аэропортко алып баруучу жолдун боюндагы дарактар жаңы альтернативдик жолду куруу иштерине байланыштуу кыйылып жатат.

Социалдык тармактарда бул көрүнүш талкуу жараткан. Компаниянын билдирүүсүндө, айрым дарактар айланма жолдун курулушуна тоскоол болгондуктан алынууда.

Ошондой эле айрым туялар башка жерге көчүрүлөрү айтылды, ал эми бир бөлүгү жолдун долбооруна байланыштуу сактап калуу мүмкүн эмес.

Жаңы жол курулгандан кийин аэропортко баруучу унаа агымы көбөйгөндө пайда боло турган тыгындарды азайтуу максаты көздөлүүдө.

Маалыматка ылайык, жаңы трасса учурдагы жолдун түштүк тарабына салынып, узундугу болжол менен 1,6 чакырымды түзөт.

Последние новости