www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов көтөргөн.
Сунушталган мыйзамга ылайык, бир катар олуттуу жол эреже бузуу фактылары үчүн айып пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, айдоочулук күбөлүктөн 6 айга чейин ажыратуу чарасы каралууда.
Долбоорго ылайык, кызыл жарыктан өткөн айдоочуларга 20 миң сом айып салынып, жарым жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталууда. Каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочуларга 15 миң сом айып жана 6 айга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратуу каралган.
Ылдамдыкты 20–40 км/саатка чейин ашыргандарга айып пул 5 миң сомго чейин көтөрүлөт. Ал эми белгиленген ылдамдыктан кыйла ашкан учурларда 20 миң сом айып жана 6 айга чейин айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда.
Мындан тышкары, мамлекеттик номерин жашырган же номер такталбаган унааны башкарган айдоочуларга 15 миң сом айып салуу каралган. Эгер мындай мыйзам бузуу алты ай ичинде кайталанса, айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.
Жашы жете элек балдардын рулга отуруусу боюнча да жоопкерчилик күчөтүлүп, эгер өспүрүм унаа айдап, зыян келтирсе ата-энесине 20 миң сом айып салуу сунушталган.
Ошондой эле балдарды атайын отургучсуз ташыган айдоочуларга 2 миң сом, коопсуздук курун тагынбагандарга жана мотошлем колдонбогондорго 3 миң сомго чейин айып каралууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде өлкөдө жол кырсыктарынын деңгээли жогору бойдон калууда экени, негизги себептердин бири катары ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу жана кызыл жарыкты сактабоо сыяктуу одоно мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн.
Демилгечилердин пикиринде, сунушталган өзгөртүүлөр жол коопсуздугун жогорулатууга жана жол кырсыктарын азайтууга багытталган.