www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын базасында 2026-жылдын 25–26-июнунда “Тянь-Шань: Эндоскопиянын жаңы горизонттору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын эндоскопиялык хирургдар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулуп, эндоскопиялык жана аз инвазивдүү хирургия тармагындагы алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди бир аянтчага бириктирди.
Конференциянын жүрүшүндө УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын хирургдары кыргызстандык жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүп, заманбап эндоскопиялык жана аз инвазивдүү хирургиялык операцияларды иш жүзүндө аткарышууда. Ошондой эле катышуучулар хирургиялык дарылоонун алдыңкы ыкмалары боюнча тажрыйба алмашып, кесиптик кызматташтыкты кеңейтүүдө.
Иш-чаранын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — “Live Surgery” форматы. Ага ылайык, операциялык бөлүмдөрдөн хирургиялык кийлигишүүлөр реалдуу убакыт режиминде конференц-залга түз алып көрсөтүлүп, 100дөн ашуун дарыгер операциялардын жүрүшүн байкап, талкуу жүргүзүүдө.
Конференциянын алкагында бир катар татаал операциялар жасалууда. Алардын айрымдары Кыргызстанда биринчи жолу аткарылып, бул өлкөдөгү хирургиянын өнүгүшүнө жана заманбап медициналык технологиялардын ишке киргизилишине өбөлгө болору белгиленди.
Ошондой эле бардык операциялар кайрымдуулук негизде жүргүзүлүп, бейтаптарга жогорку квалификациялуу хирургиялык жардам акысыз көрсөтүлүүдө.
Бул эл аралык иш-чара ата мекендик адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана Кыргызстандын медициналык тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.