www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу күндөрү белгилүү шылуун Женька Гуревич белгилүү “Азаттык" көз карандысыз басылмасына маек берип соцтармактарда “волшебниктин” маеги кызуу талкуу болууда.
Мен улуу, чыгаан дасыккан шылуун Гуревичти дитимди коюп уктум, ал биринчи эле секундада бетпактык менен калп айтып кирди.
Журналисттин “кайсы күнөөңүз үчүн АКШда 5 жылдык мөөнөт өтөп жатасыз?” деген суроосуна ал бул тууралуу сүйлөгүсү да келбегенин жана бул Макс экөөнүн ортосундагы мамиленин айынан болгонун айткан. Деген менен ал алдамчылыгы жана шылуун Макстын эсебинен 6 млн доллар уурдап алганы үчүн олтурат. Бул “айыбын ачкыч” жана “адилеттик үчүн күрөшүүчү” Гуревич бакиевдер өлкөдөн 200-300 млн доллар чыгарып кетишкенин жарыялады.
-Эмне үчүн Гуревич мырза так санды айтпайт? Бул активдер кандай эсептерге, кайсы өлкөгө, кантип чыгарылып кетти эле? Эмне үчүн ал болгон далилдерин аны менен селфи кылган прокурорлорго берген эмес? Мен Гуревичтин Кыргызстанда соттолгон иштерин интернетте баракта чыктым, чуулгандуу иштерде аны менен бирге Максимчик дагы жүрөт, бирок Гуревич маегинде ал иштер боюнча кылмыш болгон эмес деп ишендиргиси келет.
Өзүнүн Италиядагы укмуштуу окуялары тууралуу да унчукпайт, болгону маселе жабылганын, аны күбө катары сурашканын, ал көрсөтмө бергенин, андан кийин ага эки жыл беришкенингана айтат. Ал жерде Гуревич жөн эле күбө эмес, ачык булактардан белгилүү болгондой, ага акча адалдоо үчүн эки жыл беришкен. Эгерде Евгений Гуревичте Кыргызстандан акча чыгарып кетишкени боюнча далилдери бар болсо, анда ал өзү да Макстын схемаларынын катышуучусу болгон. Болбосо ал аларды кантип алды?
Демек өзүнөн башканы “жинди” ойлогон, дасыккан “аферист” Гуревич дагы кыргыз элин алдаганга өттү окшойт. Бул жалганчы, “сыйкырчы” 8 жылдан кийин бакиевдер тууралуу айтканына ким ишенет болду экен?
Бул көрүнүш дагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Маевскийдин көрсөтмөсү менен темир торго тыккандай эле сценарий кайталанып тургандай сезилет. Келесоолордун көрсөтмөсү менен эки кыргыз чабышпай эле койсо деген гана тилек. Кыргызга кыргыз гана күйөт, “жинди чалыш” Гуревич айтканы менен чабышып, Маевскийдин айтканы менен Текебаевди темир тордун артына тыктык. Кимге пайда, кимге зыян! Эки душман болгону, кыргызды кыргызга чабыштырып четте жымыйып гана туруп берет...Анткени бул экөөнө кыргыздын кыпындай кызыкчылыгы жок!
Булак: NazarNews.kg