www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия  Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге Бишкек шаарында кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты.

Түркия Президенти Кыргызстанда эки күндүк расмий визит менен жүрөт.

Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган жылуу кабыл алганы үчүн Президентке жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, болуп өткөн жолугушуулар эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя экенин жана эки мамлекеттин достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ача турганын белгиледи.

Ал түркиялык бизнесмендер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошооруна ишеним билдирди. Аларды кыргыз кесиптештери менен активдүүрөөк кызматташууга чакырды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган транспорттук-авиациялык инфраструктураны жакшыртууга, ошондой эле туризм, билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу чөйрөлөргө түркиялык бизнесмендердин көңүлүн бурду.

Ошону менен бирге ал түркиялык бизнесмендер Кыргызстанда жигердүү иштешип, жаңы жумуш орундарын түзүп жатышканын эске салды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган доллардын Түркиянын экономикасына тийгизип жаткан таасирин белгилеп, ошону менен бирге Түркия өз валютасын колдонуу менен Кытай жана Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирип жатканын баса белгиледи жана ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүгө чакырды.

Түркия лидери чет өлкөлүк инвестицияларды коргоого даяр экендиги тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун сөздөрүн канааттануу менен белгиледи жана Түркиянын ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салышарына ишендирди.

Ал кечээ, 1-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 12 документке кол коюлганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө умтулуусунун көрсөткүчү экенин эске салды.

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан боордош өлкө экенин, Түркиянын бул өлкө менен өзгөчө, достук мамилелери бар экенин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости