www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда сел апааты. Өлгөндөрдүн саны 70ге жетти

Афганистандын борбору Кабилге жакын Перван провинциясында катуу жааган жамгырдан улам эртең мененки сааттарда сел каптап, 70ге жакын киши каза болду.

Перван провинциясынын өкүлү Уахида Шанкар: “Эртең менен башталган сел каптоо 2 саатка чейин уланды”. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана кичине балдар көп экенин айткан Шанкар, өлүм саны артышы мүмкүн экенин билдирди.

Сел каптаган аймактарда куткаруу иштери башталган. Алгачкы аныктамаларга ылайык, сел 300гө жакын үйдү алып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости