www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-августта Жалал-Абад облусунун Кербен шаарчасында күйөөсү аялын таанылгыс кылып сабап, ур-токмокко алган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине жабырлануучу аялдын бир тууган эжеси билдирген.

“Окуя кечээ болду. Күйөө балам үйүнө келип, сен башка жакка бардың деп үйүндөгүлөрдү кууп чыгыптыр. Андан кийин аялын чечиндирип, жылаңач абалда түнү бою электр чубалгысы менен сабаган. Анын кичинекей эмчектеги баласы бар, баланы уктатып кошунасыныкына качып чыккан. Бул биринчи жолкусу эмес, сиңдимдин азыркы тапта абалы орто. Ал сүйлөй албай жатат, ооздору шишиген, бет алды шишик, жамбаштары жарабайт, бүт көк ала. Күйөө бала кылдан кыйкым тапкыч, себепсиз сиңдимди сабай берет”, – деп билдирди жабыркаган келиндин эжеси.

Аталган маалыматты  Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, бүгүн, 26-августта  саат 07.30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан РИИБдин 102 телефонуна 1987-жылы туулган Кербен шаарынын тургуну Ы.Г.ны үйүндө 1986-жылы туулган күйөөсү А.К. уруп койгону тууралуу кабар келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча тергөө ыкчам тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барышып тиешелүү материал топтошкон жана РИИБдин КЖБРне “Үй бүлөдөгү зомбулук ” болуп катталып, КРнын Жоруктар кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости