www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таңкы жер титирөөдөн улам Өзбекстан менен Тажикстандан Афганистанга электр энергиясын жеткирген линиялар жабыркады.

Мунун кесепетинен бир катар провинциялар, анын ичинде Кундуз жана Кабул шаары жарыксыз калды.

Khooma агенттигинин маалыматына ылайык, электр берүү азырынча толук калыбына келе элек. Бирок Афганистандын улуттук электр компаниясы Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) билдиргендей, Тажикстандан электр берүү кайра жанданды.

Учурда Кундуз, Тахор жана Баглан облустарынын айрым аймактарына электр энергиясы бериле баштады. Энергетикалык система толук ишке киргизилгенче оңдоо иштери уланууда.

Афганистан керектеген электр энергиясынын негизги бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстандан импорттойт.

Эске салсак, 2-3-ноябрга караган түнү Афганистандын Балх шаарында күчү 6–7 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 20 адам көз жумуп, 200дөн ашууну жаракат алган.

Последние новости