www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы айларда Украинадагы согуш талаасында ракеталык жана абадан коргонуу технологияларынын жарышы жаңы деңгээлге чыкты. Россия өзүнүн “Искандер” ракеталык комплекстерин жаңылап, алардын квазибаллистикалык траектория менен учуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Мындай модификациялык өзгөрүүлөр Patriot сыяктуу батыштык абадан коргонуу системаларынын майнаптуулугун төмөндөттү.
Ошого карабастан, Батыш Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн чыңдоо аракетин улантууда. Айталы 2025-жылдын 2-ноябрында президент Владимир Зеленский Германиядан Patriot зениттик-ракеталык системаларынын партиясын алганын ырастады. Германия, Дания, Литва жана Норвегия бул жабдууну биргелешип каржылаган. Германия буга чейин Украинага үч Patriot комплексин берген, эми дагы экөөнү берүүгө даяр экенин билдирген.
Бул жагдай Украина менен Россиянын ортосундагы согушта технологиялык баланс тез өзгөрүп жатканын көрсөтөт. Россия “Искандерди” улам өркүндөтүп, Батыштын абадан коргонуу системаларын сынап жатса, Батыш өлкөлөрү да жаңы жабдуулар жана кошумча комплекстер аркылуу абадан коргонуу калканынын туруктуулугун сактоого аракеттенүүдө.