www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын 84 аскери Өзбекстанга кирип келди

Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери жардам сурап, Өзбекстандын чек арасына кирип келди. Бул тууралуу жекшембиде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Афганистандык саясатчы Атто Мухаммади Нур "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын түндүк-батыш тарабын колго алганын буга чейин билдирген. Анын айтымында, атайын жасалган кутум ушундай көрүнүшкө алып келген.

"14-августта Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери чек араны кесип өтүп, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери тарабынан кармалган. Алар каршылык көрсөтүшкөн эмес, баш паанек, ошондой эле медициналык жардам сурап кайрылышкан. Арасында үч жарадар болгон", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ташкенттин маалыматына ылайык, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, тамак берилип, убактылуу жайгашуу үчүн жай уюштурулган.

"Ушул эле маалда "Термез-Хайротон" көпүрөсүнүн афган өйүзүндө Афганистандын аскер күчтөрүнүн массалык топтолгону белгиленет. Жогоруда аты аталгандарга гуманитардык жардам берүү чечими кабыл алынууда", — деп кошумчалаган министрлик.

Азыркы тапта афганистандык жарандарды мекенине кайтаруу жана "Термез-Хайратон" көпүрөсү районундагы абалды жөнгө салуу боюнча Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө террордук уюм деп табылып, ага тыюу салынган. 

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости