www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аддис-Абебада баштала турган саммиттин алдында израилдик дипломаттар коопсуздук кызматкерлери тарабынан сыртка чыгарылды. Африкалик союздун төрагасы Муса Факи жыйындын соңунда журналисттерге берген маегинде "Израилдин делегациясын жыйынга эч ким чакырбагандыгын" айтты. Ал берген маалыматта буга чейин "Израилдин Африкалык союздун ишмердигине болгон байкоочулук ишмердиги атайын түзүлгөн комитеттин чечими менен токтотулган" жана ошонун негизинде алар жыйынга чакырылган эмес эле.

Бир жыл мурда түзүлгөн атайын комитеттин курамына Алжир, Руанда,  ЮАР, ДРК, Нигерия,  Камерун, Сенегал мамлекеттеринин өкүлдөрү кирип, Израилдин аталган уюмдагы байкоочу статусун токтотуу чечимин кабыл алышкан эле. Бул чечим туурасында Алжирдин Тышкы иштер министрлиги расмий маалымат жарыялаган.

Эки күндүк саммиттин иши Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада өтүп, кийинки төрагалык милдет Комор аралдарына өткөрүлүп берилди.

Африкалик союз 1963-жылы негизделген. Курамына 55 мамлекетти камтыган бул уюм Евросоюздун моделинде түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости