www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда Африкалык чочко тумоосу менен ооруган учур катталды. Бул тууралуу  Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба министри Юлия Клокнер билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи илдетке чалдыккан мал Польшанын чек арасына жакын жерде жайгашкан Бранденбург шаарында табылган.

"Оору Бранденбургдагы өлгөн кабандан табылган. Ошол эле учурда, бул кырдаал жергиликтүү тургундардын катуу тынчсыздануусун жаратууда" -дейт  Юлия Клокнер .

Белгилей кетсек, буга чейин  Германия бодо малдын кирүү коркунучунан улам  Полша менен болгон бардык чек арага тосмолорду отургузган. Мунун негизги себеби: Германиянын адистеринин айтымында, Польшанын батышында АЧЧ вирусунун очогу бар. 

Африкалык чочко тумоосу – эки жумага чейинки инкубациялык мезгили бар жугуштуу оору, аны алып жүрүүчүлөр жуккан же калыбына келтирилген жаныбарлар. Адатта, вирус организмге тамак-аш, теринин жарасы, былжырлуу кабыкчалар, курт-кумурскалардын чагуусу аркылуу кирет. Бул инфекцияны адам жуктурган учурлар болгон эмес, бирок илимпоздор оорунун пайда болуу тобокелдигин четке какпайт, анткени вирус күтүүсүздөн өнүгүп, анын түрлөрүнүн көбөйүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости