www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда “Коопсуз шаардын” көчмө камерасын бузган скутердин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

28-августта Новопокровка айылынын 11-чакырымында белгисиз адам скутерде жүрүп баратып, көчмө аппараттык-программалык комплексти кулатып качып кеткен.

Бул факт КЖБРге катталып, 55 жаштагы бейбаш айдоочуну табышты.

“Ал «Ала-Тоо» совхозунан Аламүдүн базарына скутерде баратып, Новопокровкадан үч буттуу камера турганын көргөн. Өтүп бара жатып, аны колу менен түртүп кулатып, андан ары жолун улаган. Ал кечирим сурап жатат, өзүнүн иш-аракетине абдан уялды”, – деп билдиришти департаменттен.

Белгиленгендей, Suzuki мамлекеттик номери жок скутер унаа токтоочу жайга коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости