www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Ажал чакырган каргашалуу палата

Биринчи байлык-ден соолук деген таасын сөз бекеринен айтылбаптыр. Дегеним, биз пендечилик кылып турмушубузда кездешкен ар түрдүү кыйынчылыктарга туруштук бере албагандыктан Кудайга жөнү жок нааразы болот окшойбуз. Эгерде мындан 14 жыл мурда өз башымдан операцияны өткөрүп көрбөгөнүмдө, анда мен деле ден соолуктун баркын билбей жүрө бермекмин. Чымчыктай жаның чыркырап, өмүрүң кылдын учунда турган оор мүнөттөрдө байлыгын да, бийлигиң да бир тыйынга арзыбай каларына ошондо даана көзүм жеткен.

Ал учур күркүрөгөн күз мезгили эле. Шаардын чет жакасында жашаган бир туугандарыма жолугуп келейин деп маршруткага түшүп жакшы эле кетип бараткам. Бир кезде капталыман бирөө колу менен акырын нукуганынан жалт карасам инимдин кошунасы турган экен. Талант экөөбүз кол алышып учурашкандан кийин эле ал:

-Төкө, мынча эмне арыктап кеткенсиң? Же баягыдай болуп ашказаның катуу ооруп жүрөбү?-деп айтып оозун жыйгыча эле, бирөө бычак менен сайып жибергенсип ичим ысып, көзүмөн от чагыла түшкөнсүдү. Бүк түшүп жыгылып баратканда Талант аркамдан бекем кучактап кармап калды. Анан ал айдоочуга атайын айтып маршрутканы токтотуп мени акырын сыртка жетелеп түштү. Ошондо башым тегеренгенинен чыдамым кетип отура калып, шаркыратып кусуп жибердим.

Көрсө, эбак эле ашказанымдагы жара жарылып кетиптир. Талант колтугумдан сүйөп тургузганда аба жетпей демим кыстыкканынан:

-Таке, менин ичээр суум түгөндү окшойт ээ,-деп айткандан кийин эле эс-учумду жоготуптурмун. Бир кезде эле уйку-соонун арасында жатып көзүмдү ачсам, операция жасала турган бөлмөдөгү узун столдо бекем таңылып жатыптырмын.

Өзүмдүн мындай абалымдан чочуп кетип:

 -Мени бошоткула, операциясы жок эле айыгып кетем,-деп тыбырчылай баштаганымда маңдайыма көздөрүнөн мээрим төгүлгөн кер мурут дарыгер пайда болгондо дароо көзүмдү жумуп калдым. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Түшүмдө кимдир бирөөлөр узундугу асканын кырына жеткен трубанын ичине салып жиберишкенде башым менен капталдарын сүзгүлөп төмөн карай куладым. Бир топ убакыттан кийин көзүмдү ачсам операция болгон экенмин. Колу жеңил дарыгер туш болгондуктанбы, айтор, ошол күнү эле палатага которулдум.

Ошентип, балээнин баары түн ортосунда башталды. Менин оң капталымда жайгашкан керебет тараптан эсимди чыгарып:

-Суранам, менин ичимди жарбай эле койгулачы. Сүйлөшкөн кызым менен бир айдан кийин үйлөнмөкмүн. Дары ичип, укол алып эле айыгып кетериме ишенип турам. Байке, мага тийбей эле коюңузчу,-деп өкүрүп ыйлаган жаш жигиттин үнүн укканымда жүрөгүм оозума кептеле түшкөнсүдү. Анткени ошол учурда палатада менден башка эч ким жок болчу. Таң аткыча уктай албай кыйналып чыктым. Эртеси мээрман айымдардан бул палатада төрт күн мурда бир жаш жигиттин каза болгонун укканымда аябай сарсанаа болдум.

Ошентип арадан бир жума өткөндөн кийин дарыгерлер оор операциядан чыккан жашы элүүлөргө чамалап калгаи байкени мен жаткан палатага жайгаштырышты. Ал күнү кечке тигил байке аябай кыйналды. Жанында карап жаткан иниси уктап калгандан кийин ал түн ортосунда түшүнүксүз сөздөрдү айтып жөөлүй баштады.

Аңгыча эле палатанын эшиги акырын ачылып жүздөрүнө кара чүмбөт жамынган эки караан мени көздөй жакындап келгенде бирөөсү:

-Мына бул жигит го деп ойлосом, капырай тиги киши турбайбы. Байкуш иниси агасынан эртең түбөлүк ажырап каларын сезбей уктап жатканын кара, -деп жанындагы менен ээрчишип тигил байкеге барышканда бир нерсе кылгандай болушту. Аны беш мүнөттөй карап турушкандан кийин каалгый басышып палатадан чыгып кетишти. Эртеси күнү эле жанындагы байке каза болуп калганын көргөнүмдө ичимден жаратканга жалбарып жибердим. Бул каргашалуу палата далай адамдын башын жуткан экен. Ал эми баягы эки караан атайын келген ажалбы деп ойлоп калдым.

Булак: Шамбала

Последние новости