www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын агросектору жаңы өнөктөштүктөрдүн босогосунда турат. 18–21-февраль күндөрү өтө турган “Агродиалог–2026” агроөнөр жай форумунда 100дөн ашуун меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө. Бул келишимдер инвестиция тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 2500дөн ашуун дыйкан-фермер, ишкер жана эксперт катышат. Иш-чарага Катардан, Кытай Эл Республикасынан жана коңшу мамлекеттерден келген адистер да кошулуп, агрардык тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүшөт.

Күн тартибинде — сугат системаларын модернизациялоо, жогорку түшүмдүү үрөндөрдү жайылтуу, мал чарбасындагы инновациялар, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана экспорттук логистиканы кеңейтүү маселелери. B2B форматындагы жолугушуулар ишкерлерге түз келишимдерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди баштоого шарт түзөт.

Форум 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат.

Мындан тышкары, республика боюнча өсүмдүк өстүрүү багытында 20, мал чарбачылыгы боюнча 20 чемпион аныкталып, мыкты дыйкан-фермерлердин эмгеги даңазаланат.

“Агродиалог–2026” — бул жөн гана форум эмес. Бул — агрардык секторду жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн платформасы.

Иш-чарага төмөнкү шилтеме аркылуу катталсаңыз болот:

https://dialog.agro.gov.kg

Последние новости