www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздарда илгертен сулуу кыз, күлүк ат, алгыр куш элдин байлыгы, кенчи катары эсептелип, мактаныч кылышкан. Саяпкер, мүнүшкөрлөрдү да абдан сыйлашкан. Ал эми сынчылар жылкыга, кушка, төөгө анан аялзатына сын берген. Куйручуктун, Калыгул Бай уулунун, Санчы сынчынын аялдарга кандай сын беришкени эмгиче эл оозунан түшпөй айтылып келет. Төмөндө ошондой сындардын бири.

Алтын согончок жез шыргый

Аялзатынын эң мыктысы. Көрк-келбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңеп, кадырлап, барктап ызаат кылышкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси болгондугу үчүн алтын согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, аземдүү жез бакан тиреп койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез шыргый үйгө көрк берип турган. Демек мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн тиреги дешкен.

Аркар эмчек акылгөй тараз

Бала-бакыралуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам ыйык кайберендин тукуму маралга теңеген. Зайып затына бөлгөн акыл-эске да жараткан ашыгыраак эгедер кылгандыктан акылгөй атанган. Адеби адам баласына жагат. Элге, ага-тууганга мамилеси сыпаа, дайыма адамгерчиликтүү.

Ак көрпө жайыл

Жүрүм-туруму айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин абдан кадырлайт. Өзү оор басырыктуу, келбеттүү келет. Ата салтын, үрп-адат, кааданы жакшы билет. Үйүнө кадыр-барктуу коноктор көп келет. Эри дайыма зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши дайыма алга жылат.

Ак жоолук делбир

Ашкере чырайлуу, сулуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл гүл эриндери, койкойгон мойну бирине-бири төп келет. Төгүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү сымбатын арттырып турат. Келбетинен кемитке таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй оокатка тың, бүйрө.

Жайыл дасторкон

Колу ачык, пейли кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт. Дасторкону дайыма жайылуу, аш-тамагы жайнап турганы-турган. Келим-кетими көп. Саймачы, оймочу да болушат. Ушак-айыңга кызыкпайт. Абысындары урматташат.

Жабылуу кара инген

Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үй-тиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала-бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт. Эрдин табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартыш оокатка да бүйрө.

Баш койкоң

Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүү-түстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге кыйын. Кыял-жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып башкарат.

Дүнүйөкөй тоту

Табылганын зайыбы. Илгеркилер чүпүрөк зайып да дешкен. Эски-уску, керексиз чүпүрөк-сапыракты дүнүйө көрүп, көзү кыйбайт. Ал эми табылганын зайыбы дегени, эрдин колунан бак-дөөлөт тайыса жүдөп калат. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген. Ошол төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүргөнгө — жүк.

Дүр кабак чабдар

Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулуп, кайырын чайыр кылат. Эрдин да, бала-бакыранын да сазайын берет. Кыялыңа өз атаң, тууган энең гана чыдабаса дейин десең ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уул-кызы чоңоюп, энесин кой дегиче кайран эрди карып кылат.

Ай чырайлуу, ача тил

Жараткан ага чырайды аянбай берген. Бирок кемиткесин тилинен чыгарып, акылын пас кылган. Колунан түзүк иш да, аш да келбейт. Тилинин заары кара чаар жыландын уусундай. Тууган-туушканга, коңшу-колоңго да тили тиет. Бир эрди өмүрү өткүчө карып кылат.

Суу мурун сөпөк

Аты эле айтып турат. Болгону ургаачы эле. Ушакчылыгы, айылчылыгы жок. Бирок дайыма жүдөмүш. Үй-жайын, казан-аягын иреттүү, таза кармай албайт. Кир-когу жуулбайт. Тамак-аш даярдаганды жөндүү билбейт. Өз боюна да жакшы карабайт.

Ал эми Кусейин Карасаев кыргыз элинин аялзатына берген сыпатына төмөнкүлөрдү кошумчалайт:

“Баш койкоң” – элге эркек катары кызмат кылган, койкоңдоп көрүнөө чыккан аял; “жайыл дасторкон” – аш-тамагы кеңири, сыйчыл, берекелүү аял; “ак жоолук делбир” – келишкен сулуу, адамды магниттей өзүнө тартып турган ургаачы; “жабылуу кара инген” – жаба токунуп эле, бала-бакырасын жакшы асыраган берекелүү аял; “үтүрө тентек” – мындай аял жини кармаганда балдарын сабап, аны-мунусун көтөрүп алып эле төркүндөрүнө кетип калган долу аял. “Алып бергениң ушубу?” деп көйнөгүн айрып, ыргытып жиберүүдөн кайтпайт;  “ит ыркырак” – эри менен ынтымактуу турбаган, иттей ыркырап уруша берген, ыгы келсе башкаларды да беттен алган тайбас, чатак кыял кашка аял; “мышык чыркырак” – бирдеме болсо эле чыркырап ыйлап жиберген, мышык мүнөздүү аял.

Булак: "de-facto.kg"

Последние новости