www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сулуулук курмандыкты талап кылат” деген принципти карманган италиялык Фульвия Пеллегрино идеалдуу келбетке ээ болуу үчүн көптөгөн пластикалык операцияларды башынан өткөргөн. Тилекке каршы жыйынтыгы ал күткөндөй болгон эмес.

Фульвия дээринде эркек болуп жаралганы менен аял болууну самап келген. Атасынын катуу тарбиясынан улам, ал өзүн өзү эркек катары жашоого мажбурлаган.

Эркек катары акча таап, унаа сатып алып, а тургай 24 жашында үйлөнүп да алган.

Бирок анын көксөөсү канбагандыктан, аялынан жашырынып гей-клубдарга барып турган. Жубайы менен 16 жыл жашаган соң, ал ичте сактап келген сырын, “Мен аял болууну каалайм жана жакында жынысымды алмаштыруу үчүн операция жасатам” деп ачыкка чыгарат.

Жолдошунан бул сөздү күтпөгөн Мариса таарынып кетип калганы менен кайра эле кечирет. Ал эми Фульвиянын ата-энеси, бир туугандары жана жакындары андан жүз буруп кетишет. А тургай атасы аны психикалык ооруканага жаткырууга аракет кылат.

Ошентип, бар байлыгын сатып, акчасын операциясына жумшаган Фульвия 56 жашында аял болуп өзгөрөт.

Ошондой эле ал, “Бир кезде мага окшоп жынысын алмаштырган Алина Старрга окшогум келет” деп дагы бир нече операцияны башынан өткөрөт.

Бирок, жыйынтыгы ал күткөндөй болбой калат.

Ал эми мурдагы жубайы Мариса, Фульвияны өмүр бою колдогонун жана азыркы тапта эже-сиңди катары катташып тураарын айтып чыккан.

Булак:"gezit.kg"

Последние новости