www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул машыгуу 6-июнда башталып, бүгүн, 14-июнда жыйынтыкталды. Окуу-машыгуу №30630 аскер бөлүгүнүн талаа окуу борборунда Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн Колбашчысы полковник Кылычбек Айдаралиевдин жетекчилигинин астында өткөрүлдү.

Анда Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычында суудан куткаруу машыгуусу өттү. Ошондой эле күжүрмөн ок атуу машыгуу талаасында П-50Т авиациялык бомбасы жардырылып, С-5 ракетасынан күжүрмөн ок атуу ийгиликтүү аткарылды.

Мындан сырткары, машыгуу МИ 8 МТВ тик учактарынан күжүрмөн ок атуу да болду.

Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү мамлекет тарабынан коюлган машыгуу тапшырмаларын аткарышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости