www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирок бул акыркы чечим деп кабыл албоо керек. Каттоо аягына чыгууга көп убакыт. Ага чейин көп өзгөрүүлөр болот. Түптүү, белдүү командасы дагы бийликти чочулатты. Ошого корккон бийлик Келдибековго каршы аракетке шашылыш өттү. Бирок, конституциялык укуктарын бузуп жатат. Мындай көрүнүштөр ызы-чуунун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.
Ахматбек Келдибеков Салык кызматын, Социалдык фондду жетектегенде кризис менеджер экенин далилдеген. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы болгон маалда өлкөнүн лидери боло алышын көрсөткөн. Ал, башкаруу жөндөмдүүлүгү менен оозго алынып, төңкөрүштөн кийин бийликти толук колго алабыз деп оозунан жулдурган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн тынчын алган. Акыры, алар "Жогорку Кеңештин төрагасы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаев менен Каприз эс алуу жайында чогуу жүргөн имиш",-деген шылтоо менен аны кызматтан кетирүү тилектерин ишке ашырышкан. Жогорку Кеңештин кызматкерлери азыркы күнгө чейин Келдибековдун ишмердүүлүгүн жогору баалашат. Ал, төрага болуп келгенде айлык маяна көтөрүлүп, кызматкерлердин шарты жакшырганын жашырышпайт.
Убагында пенсияны ун, шекер менен алып калган элге акча менен берүүнү жөнгө салган. Салык кызматын жетектегенде реформалар ишке ашып, салыктын айрым түрлөрү, (өмүргө өтө маанилүү дары дармектер) алынып салынган. Салык төлөмдөрү арзандаган. Бирок ага карабай салык топтоо нормадан ашыкча чогулган. Кийин, Келдибековдун убагында реформа болгон салык тармагы 2010-жылдан кийин 3 эсеге же 300% га көтөрүлгөн. Ахматбек Келдибеков жетекчи болуп барган ишкананы гүлдөткөн саясатчы, адис. Азыр карызга белчесинен баткан жакыр мамлекетке зоотехниктер эмес, экономист, кризис менеджер Келдибековдой адистер керек.
Дайырбек Орунбеков
Булак, NazarNews.kg