www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аял-эркектин мамилеси

Жубайлардын жашоосундагы жыныстык мамилени сөз кылууга арзыган маселелердин бири. Жашоодогу ар бир жубай муктаж боло турган керектүү иш. Эгер бул нерсе онтоюна түшсө, калган маселелер да жолун таап кете берээрине мүмкүнчүлүк ачылат.

Жубайлардын мамилесине киришүүгө даярдыктар керек:

1. Жасануу. Атыр-жыттуу болуу. Жубайлардын ар бири экинчисине жага тургандай болуп жасанууга, тазаланууга, колдон келген зыйнатын көрүүгө тийиш. Колдон келген, көңүлдү тарта турган назик кийимдерди кийинүү, чачтын жасалгасы, ар кандай жасалгалар, косметиканын түрлөрүн колдонуу даярдыкка кирет. Экөөнөн башка эч ким жок болгондуктан, ар кандай узун-кыска, жеңил-жука кийимдерди кийингенге уруксат берилет. Ооз-мурундун тазалыгына кам көрүү, дененин сымбатуулугун сактоого аракет кылуу милдеттүү. Аял киши чачынан башка денесиндеги (колдорундагы, буттарындагы ж.б.) түктөрдү кетирүүсү максатка ылайыктуу. Кашты терүүгө болбойт. Аял киши ушунун баарын куйөөсү үчүн гана аткарууга милдеттүү. Эркек дагы ушундай эле даярдыктарды көрөт. Эрден эшек үркпөйт. Эркек аялдан эмнени кааласа, аял дагы эркектен ошол эле нерсени каалайт. Эркек мурутун кыскартып, өзүнөн эркектерге таандык жакшы атырдын жыты келип, дене-бою таза болуусуна кам көрүүсү зарыл.

2. Бири-бири менен болгон учурда кийимдерин чечкенге уруксат берилет. Жука шейшеп менен жамынып алуулары жетиштүү болот. Мүмкүн болушунча үстүлөрү ачык болбоосу кажет. Эркек аялдан, аял эркектен толук ырахатын көрүүгө укуктуу. Кээ бирлер мамиле учурунда да такыбалык кылам деп кээ бир кийимдерин чечпей коёт. Такыбалык бул учурда, кийимдерин чечүү деп эсептелет.

3. Эркелетуу. Эркелетууго обушуу, бири биринин дене-мүчөлөрүн сылап ырахатка батыруу, кучакташуу, жылуу сөздөрдү сүйлөө сыяктуулар кирет. Эркек-аялдын фантазиясына, кыял-чабытына орун берилет. Качан жубайлар даяр болушканда экинчи баскыч, мамиленин өзүнө өтүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости