www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык окумуштуулар жашы өтүп калган эркек кишилерде сперматозоидтерден алынган эмбриондор жай жетиле турганын аныкташты. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, жашы өтүп калган адамдардын жыныс клеткаларынан пайда болгон уруктар жаш жигиттердики менен салыштырганда жай жетилет. Бул тууралуу жыл сайын өтүүчү Америкалык коомдун репродуктивдүү медицина конференциясында айтылды деп кабарлайт Daily Mail.

Орточо алганда сперматозоидтерден жетилген эмбриондор 50 жаштан ашкан эркек кишилерде 35 жашка чейинки эркектер менен салыштырганда 35 пайызга жай жетилет.

Ошондой эле, мындай эмбрион бластоцист шатысына кеч жетет жана андан кийин барып урук жатынга жабыша баштайт. Бластоцист шатысына жетүүнүн орточо көрсөткүчү жашы өткөн эркек кишилерде жаштардын уругуна караганда 4,3 пайызга көп убакытты алат.

Мындай жыйынтыкка авторлор изилдөө учурунда видео жазууну көргөндөн кийин келишкен. Алар жазуудагы 527 түгөйдүн (жубайлар) 3532 эмбрионунун жетилүүсүн талдашкан.

Басылма конференцияда тааныштырылган мырзалардын жашы алардын спермотозоиддеринин сапатына таасир эте турганы жөнүндө эки изилдөөнү салыштырган. Мисалдардын биринде орто жаштагы эркек кишилердин жыныс клеткаларында өтө көп өзгөрүүлөрдүнчогулгандыгы айтылса, экинчисинде жашы өткөн эркектердин спермасы  ашыкча анеуплиоддик жыныс клеткасын кармайт экени айтылган (аларда хромосомалардын орточо саны бузулган).

“Орто жаштагы эркек кишилер менен алардын шериктери кош бойлуулук тобокели жана урпактын өсүү кезиндеги нерв системасынын көйгөйлөрү тууралуу ойлонушканы туура”,- дейт америкалык коомдун репродуктивдүү медицинасынын вице-президенти Питер Шлегель.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости