www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психолог Жанна Абрамова эркектерге аялзатын бактылуу кылууда негизги үч кеңешин берди. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.

Психолог биринчи эле кезекте эркектерге кандайдыр бир планды түзүүдө сүйүктүүсүнүн кызыкчылыктарын эске алууну сунуштады, анткени бул аялда эркекке болгон ишенимди арттырат. Муну "биз барабыз", "биз жасайбыз" же "биз сатып алабыз" деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп көрсөтсө болот.

Ошондой эле аялдар тандап алган адамына ишениши керек. Психологдун билдиришинче, аялдар жанында аны жана балдарын коргой ала турган күчтүү эркекти көргүсү келет.

Эксперттин айтымында, кээде аялдар алсыз болууну самайт. Алар жанында көйгөйлөрүн чечишип, жардам бере турган адамдын болушун каалашат. Бул жерде сөз эркектин духунун күчтүүлүгү, көк жалдыгы тууралуу сөз болууда.

Психолог белгилегендей, аялды чыныгы эркектик мамиле бактылуу, ажарлуу, ишенимдүү кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости