www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Караколдогу кичи райондордун биринин жашоочулары үчүн “Кыргызстан” саясий партиясы уюштурган кайрымдуулук иш-чарасынан алынган сүрөттөр жана видеотасмалар таркатылгандыгы жөнүндө маалымат алышкан.
Маалымат боюнча, видеодо жайылган дастарконго жарандар келип жатканы көрсөтүлөт. “Кыргызстан” саясий партиясынин логотиби бар жеклекти кармаган агитаторлор тургундарды дасторкон үстүндө сыйлашат. Дасторкондо негизинен аймактын улуу муунунун өкүлдөрү отурушат. Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Тергөө иштери башталды.
Мындан тышкары, ИИМге “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү тарабынан Аламүдүн-1 кичи районундагы балдар аянтчасынын курулушу боюнча материалдар келип түшкөн. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен болгон жолугушууда агитаторлор: эң негизгиси балдар аянтчасын тез арада куруп, шайлоочулардын башка өтүнүчтөрүн аткаруу керектигин, ошондо алар саясий партияга добуш берүүгө даяр болгондордун тизмесин даярдоону көздөшкөндүгү такталды.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобунун мүчөлөрү бул билдирүүнү добуштарды сатып алуу аракети катары баалашты.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча 40 иш козголгон. Административдик ресурстарды колдонуу боюнча 11 иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg