www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактагы кырдаал бүгүн, 29-сентябрда Коопсуздук кеңешинде талкууга алынат.

Маалыматка ылайык, жыйын жабык өтөрүн "Интерфакс" агенттигине уюмдун штаб-квартирасынан маалымдашкан. Ага ылайык, Карабак маселесин талкуулоо сунушу беш өлкөдөн - Франция, Германия, Британия, Эстония жана Бельгиядан түшкөн.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Азербайжандын президенти Ильхом Алиев менен телефондон сүйлөштү. Кечирээк Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Тоолуу Карабактагы кырдаалга кабатырлыгын билдирди. Тараптарды тез арада ок атышууну токтотуп, аймакка ЕККУнун байкоочуларын жиберүүгө чакырды.

Эске сала кетсек, Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөшкөн. Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптаган жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштаган. Азербайжан болсо «Армения биринчи чабуул койду» деп айтып, «Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун» билдирген. Азербайжан да аскердик абал жарыялады. Баку баштаган бир катар шаарларына дүйшөмбүдөн тартып коменданттык саат киргизди.

Маалым болгондой учурда эки тараптан тең жоготуулар бар экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости