www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-кылымда аялдын образы — бул өзүнө — өзү ишенимдүү кадам таштап, чын ден-соолук жана сулуулук менен жарыгын чачкан. Бирок, бүгүнкү күндө планетанын 3,3 млрд. көп аялдар зордук-зомбулук, саясий куугунтукка, жана басмырлоого дуушар болушууда.

Ооганстан

Ооганстандык аялдар, эркектерге караганда 45 жылга аз жашашат. Бул өлкөдө азыркыга чейин, аялдардын сабатсыздыгы жогору болуп саналат. Көбүнчө кыздар 16 жашка чейин эле турмуш куруп,  аялдардын 85 % медицинанын жардамы жок көз жаргандыктан, ар бир 30 мүнөт сайын, төрөт учурунда аялдар көз жумат. Энелердин өлүмү боюнча  Ооганстан жогорку көрсөткүчтө.

Гватемала

Гватемалалык аялдар бир гана үй – бүлөлүк зордукка дуушар болбостон, бат – баттан зордуктоого да кабылып турушат. Андан сырткары, бул өлкөдө СПИД оорусу менен ооругандардын саны көп.

Конго Демократиялык Республикасы

Конго өлкөсүнүн түштүгүндө ушул убакка чейин согуш болууда, анда  3 миллионго жакын адамдын өмүрү кыйылып гана тим болбостон, аялдар эркектердин ордуна согушууга аргасыз. Аялдар түздөн – түз каршылаштардын курмандыгына айланып, күндөн – күнгө зордук – зомбулукка дуушар болушууда.

Күнүнө 1 000 ге жакын аял зордукка кабылып, 1996 – жылы, мындай көрүнүштүн саны  200 000 ди түзгөн. Боюнда бар аялдардын 57 % аз кандуулук менен оорушат.  Күйөөлөрүнүн уруксатысыз, эч кандай юридикалык документке кол коюуга акысы жок.

Индия

Индияда СПИД оорусу менен ооругандардын 39 % аялдар түзөт, 70 % үй – бүлөлүк зордук – зомбулукка кабылышат. Ар бир 29 мүнөт сайын, аялдар зордуктоого кабылат. ХХ кылымда Индияда 50 миллиондон ашык кыздар өлтүрүлүп, 100 миллионго жакын аялдар сатылуунун курмандыктары болушкан. 44,5 % кыздар 18 жашка чыккычакты турмуш курушат.

Ирак

Америкалыктар Ирак элин Саддам Хусейиндин бийлигинен бошоткондон кийин, Ирак – аялдар үчүн чыныгы диний тозокко айланган. Сабаттуулук жагынан эч качан төмөн түшпөгөн өлкө, бүгүнкү күндө сабатсыздык жагынан алдыңкы орунда.

2014 – жылы, «Ислам мамлекетинин» согушчандары «жыныстык жихад» деп аталган жаңы коомдук көрүнүшкө  катышуудан баш тарткан 150дөн ашуун аялды өлүм жазасына тартышкан.

Мали

Мали кедей өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө аялдарды жыныстык жактан «отургузат», бул азаптан кутулууга эч бир аялдын күчү жетпейт.. Кыздар эрте жашынан турмуш курушуп, ар бир онунчу аял төрөттөн же боюнда бар учурунда каза болушат.

Пакистан

Бул өлкөнүн кээ бир региондорунда, күйөөсүнүн кылмышы үчүн, аялдарын зордукташат. Жакында эле Пакистандык саясатчы – аялдарга каршы диний экстремизим болгон.

Пакистанда ушул убакка чейин, кордолгон үй – бүлө үчүн, чара көрүүчү эч кандай мыйзам жок. Оор кыянаттыкка дуушар болгондордун 90 % аялдар болот. 82 % аялдар, эркектерге караганда аз акча каражатын табышат.

Сомали

Сомали өлкөсүнүн борборунда граждандык согуш күч алгандан кийин, аялдардын баркы кетип, кордукка дуушар болушууда. Борбордогу кыздардын 95 % 4, 11 жашынан баштап зордуктоогоо кабылышат. Саясатта аялдар 7,5 % орунду ээлеп, боюнда бар аялдардын  9 % гана ооруканага кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.

Судан

Суданда аялдар зордукка, кол салуучулукка дуушар болушат. 2003 – жылы, Суданда бир миллионго жакын аялдар эч себепсиз өлтүрүлгөн.

Чад

Чад өлкөсүндөгү аялдардын укутары дээрлик жокко эсе. Кыздар 11-12 жашынан турмуш курууга барышат. Бул өлкөдөгү аялдар да күн сайын зордук – зомбулукка дуушар болуп турушат.

Булак: "курут"

Последние новости