www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июнда аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя ушул жылдын 18-майында болгон.

«Жабырлануучу 41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы аялдамадан Кочкор-Ата шаарына чейин баруу үчүн жеңил унаага түшкөн. Жалал-Абад шаарына бара жаткан унаанын ичинде айдоочу менен бирге 35-40 чамасындагы 2 эркек киши болгон. Бирок, орто жолдон белгисиз себеп менен унаадагы кишилер жүргүнчү аялды сабап, кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабатуу үйлөрдүн бирине алып келип күч колдонуп зордукташкан. Алсыраган аялдын чачын дагы сакал алгыч менен кырып салышкан. 3 эркек жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин сыртка чыгарбай, камап коюшкан. Жабырланучу 25-майда качып чыгып, Майлуу-Суу ШИИБдин милиция кызматкерлерине кайрылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Денесинен жаракат алган жабырлануучу шаардык биргелешкен оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча ыкчам тергөө жүргүзгөн Майлуу-Суу ШИИБ кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы тургуну З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы тургуну Т.К. жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургуну К.А. кармалды.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесиндеги 2-бөлүмү, 125-берененин 2-бөлүмү менен козголгон иш учурда тергелип жатат. Шектүүлөр Майлуу-Суу шаарында убактылуу камакка алынып, 26-май күнү шаардык сот 2 айга камакта калтырды.

Жабырлануучу аялга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.  

Булак: "turmush.kg"

Следующий >

Последние новости