www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондон көпүрөсүнөн алыс эмес, Лондондун мэриясынын жанында террактан жети киши курман болгон жерде аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Британиянын бардык негизги диндер менен конфессиялардын башчылары, Лондондун мэри Садик Хан, ички иштер министри Эмберд Радд, ошондой эле полициянын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар курман болгондорду эстеп гүл коюшуп, андан соң бир мүнөттүк аза күтүштү. Лондондун мэриясы иш-чарага бардык каалоочуларды чакырышкан, шаардык кеңештин имаратына башкалардан тышкары, Лондондун ар кайсыл райондорунан мусулман коомчулуктарынын көп сандаган делегациялары келишти.
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде Лондон көпүрөсүндө топтошуп турган элди машине келип сүзүп, андан соң бычактар менен куралданган үч киши машинеден түшүп,ара-бери өткөн адамдарга кол салышкан. Боромаркет базарынын районунан үчөө тең полицелер тарабынан өлтүрүлгөн. Терракттын натыйжасында 7 киши курман болуп, 48и жараат алышкан, арасында оор жаракат алгандар да бар.
Булак: NazarNews.kg