www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 6-мартта саат 12:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунда үй-бүлөлүк конфликт болуп, анда киши аялын бычактап, андан кийин 10 жаштагы өгөй баласын алдына 3, артына 2 жолу бычак сайган. Кылмыштан кийин ал жуунучу бөлмөгө кирип, асынып алган. Чакыруу болгон жерге барган милиция кызматкерлери асынып алган эркек кишинин жана бычакталган аялдын жансыз денесин табышкан. 10 жашар бала оор абалда №3 балдар ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Саламаттык сактоо министрлигинен Бишкекте атасы бычактады делген 10 жашар баланын абалы тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө караганда, тестиердин абалы өтө оор.

"Көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыккан, азыр абалы өтө оор. Бала жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип барып бычакталган аялды, ваннадан асынып алган кишинин сөөгүн табышкан.

Алдын ала айтылган маалыматтарга карганда үй-бүлө башчысы чыр-чатак болгон учурда мас абалында болуп, ал буга чейин Октябрь райондук сотунда судья болуп иштеген. А. М. аттуу судья алгач  Ж. Т. аттуу жубайын, андан кийин баласын бычактаган. Ж. Т. аттуу айым маркум судьянын экинчи никеси болгон. 

 Материал чыгып жаткан убакта Саламаттык сактоо министрлигинен бала өз алдынча дем алып, көз ачып калганын билдирип, бирок абалы өтө оор бойдон калып жаткандыгын маалымдашты.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости