www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Красноярск шаарынын ырчысы Анастасия Вишневская сахнада оркестр "ямасына” түшүп кетип, сынган буту менен ырды улантты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Вишневская Красноярск крайынын филармониясында аялдардын күнүнө карата ырдап жаткан.

Ал музыка болуп жатканда, сахнада аудиторияны көздөй бара жатып, күтүлбөгөн жерден оркестр чуңкуруна түшүп кетти. Музыка бүтүп Вишневская чүңкурдун ичинен чыгарманы ырдай берген.  

Концерттен кийин ырчыны ооруканага алып кетишти. Ал жактан ага буту сынган жана бир нече жарааттары бар деген диагноз коюлган.

Видео интернетке жарыялангандан кийин, колдонуучулар ырчы фонограмма менен ырдаган деген божомолдорду айтышкан. Бирок ырчы бул божомолду четке кагып, ал жатып алып ырдаганын жана эгер ал сахнада ырдаса чыгарма мындан да жакшы болмок экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости