www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду

Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан маалымдады.

Маалымдамага караганда,  Сокулук районунун, Нарын шаарынын жана Ош шаарынын 3 судьясынын берген арызына ылайык, мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулган. Бул жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кызматтан төмөнкү судьялар бошотулду:

Сергей Кузьменко — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;

Айнагүл Жоробекова — Нарын шаардык сотунун судьясы;

Адинахан Кадырова — Ош шаардык сотунун судьясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости