www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖККУ ПАнын Социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү депутат Искандер Гайпкулов кесиптештери менен 2021-2025-жылдарга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу жана өз ара шайкеш келтирүү боюнча ишмердүүлүк программасы жаатында пикир алышып, ал Кыргызстандын аймагында моделдик мыйзамдардын колдонулушу тууралуу баяндама жасады. Комиссиянын жыйынына Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты.
КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Руслан Казакбаев ЕКПА, ЕККУ ПА, ЭПБ сындуу эл аралык парламенттик уюмдардын кезектеги сессияларынын жыйынтыктары жана КМШга мүчө-мамлекеттердин ишиндеги парламенттик делегациялардын аракетин координациялоо маселесин талкуулоо жүрүмүнө катышты. Жыйын жүрүшүндө 2021-жылы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда коррупцияга жана товарлардын контрабанда маселелери боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө маселе көтөрүлдү.
КМШ ПААнын Бюджеттик көзөмөл боюнча комиссиясында КМШ ПААнын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга карата каржылык пландар талкууга алынды. Ошондой эле жыйындын күн тартибине комиссиянын жаңы төрагасын шайлоо маселеси киргизилип, Бюджеттик көзөмөл боюнча комиссиясынын иштеп жаткан төрагасы Максат Сабиров кайрадан мурдагы ордуна шайланды.
Депутат Искендер Матраимов КМШ ПААнын алдындагы Коопсуздук чөйрөсүндөгү жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын, ошондой эле Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комиссиянын жыйындарына катышты. Жыйын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү «Улуттук коопсуздук жөнүндө» моделдик мыйзамдын долбоорун талкуулашып, Маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалгане жаңы кылмыштардын сунушталган типологияларынын долдору дагы каралды.
Булак: NazarNews.kg