www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту райондук бийликтин митингдерге тыюу салуу тууралуу арызын караган жок. Мындай аныктаманы райондук сот 6-мартта чыгарды. Буга Бишкек мэриясынын Свердлов райондук акимчиликтин сотко берген арызын кайтарып алышы себеп болду.

Райондук акимчилик соттон 4-марттан 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүнү чектөөнү суранган. Бишкек мэриясы арызды чакыртып алуунун себебин айткан жок. Ошондой эле, шаардын Биринчи Май, Свердлов райондук сотторунун чечимдерине байланыштуу пикирин билдире элек.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи Май, Свердлов райондорунун бийликтеринин арыздарынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө быйылкы жылдын 1-июлуна чейин чектөө киргизген.

Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган. Бул чечимдер 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө болжолдонуп жаткан “Аялдардын шериктештик маршын” да чектеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости