www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтият дин кызматкерлерине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирустан коргонуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын элге жайылтуу милдети жүктөлгөн.
"Өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Аны менен катар муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо жана жайнамаздарды дезинфекциялоону тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 6-мартта Нарын облусундагы мечиттерге жума намазына келген тургундарга имамдар коронавирустан сактануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Ал эми Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов калаадагы бардык мечиттердин имамдарына санитардык абалга дыкат көңүл буруп, тазалык маселесин катуу көзөмөлгө алууну эскерткен.
Булак: NazarNews.kg