www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялын сүйбөгөн күйөөнүн белгилери

Тамара Воронцова психотерапевт:

- Айымдар ушундай затпыз, шериктешибиз бизди сүйбөсө дагы, чындыкты кабыл алуудан баш тарта беребиз. Ошол эле учурда, сүйүү белгилерин издеп, таппай калсак, ойдон чыгара калабыз. Тезирээк сүйүүнүн күлгүн түстүү көз айнегин чечип, ал бизди сүйбөгөнүн моюнга алсак, ошончолук тез бактылуу болуп, чындап сүйгөн мырзага жолугуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Келиңиздер, сизди сүйбөгөн адам кандай болоорун карап көрөлү.

Жигитиңиз сизди сүйбөйт:

Эгерде, ар кандай шылтоолор менен сизге жолугууга же жазууга убакыт таба албаса.

Эгерде, 8-мартта, туулган күнүңүздө белек бербей, бул күнү бош эмесмин деп койсо.

Эгерде, достору, туугандары менен тааныштырбаса.

Эгерде, көп нерселерге тыюу салып, хоббиңиз болуусун каалабаса.

Эгерде, оор учурларда жаныңызда болбосо.

Күйөөңүз сизди сүйбөйт:

Эгерде, сизди сыйлабаса, сөксө, мазактаса.

Эгерде, кызыкчылыгыңызга тиешелүү баардык нерселерге тыюу салып, үйдө отургузуп койсо.

Эгерде, жемелеп, сизден акчасын аяса.

Эгерде, үй-бүлөнү сизге камсыздатса, өзү иштебей жата берсе, сизден жана туугандарыңыздан акча алса.

Эгерде, энесинин айткандарын угуп, сизди коргобосо, жаман адаттарынан арылбаса (кумар оюндары, баңгилик, алкогол).

Урматтуу, айымдар жогорудагы адаттардын бирөөсү сизге тааныш болсо жакшылап ойлонуңуз. Сизди сүйбөгөн адамга убакытыңызды, жаштыгыңызды коротуунун кереги барбы?! Бир келген өмүрдө ар бир адам бактылуу болуп жашаганга укуктуу экенин унутпаңыз! Эгерде өзүңүздү сыйласаңыз, эч качан сүйбөгөнгө сүйкөнбөйсүз!

Булак: "Билесиңби"

Последние новости