www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту мурда райондук соттун кайын энесин бычак менен сайган Махмудду (аты өзгөртүлдү К.Х.К.) 4 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу соттон билдиришти деп жазат Турмуш.

Маалыматка караганда, Махмуд 2017-жылы 12-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин Дордой конушундагы үйдө өзүнүн жубайы Феруза (аты өзгөртүлдү) менен чатакташкан. Чатак учурунда кайын энеси Тамаранын (аты өзгөртүлдү) эскертүүсүн эске албай, ага жаман сөздөрдү айтып, көчөгө түртүп чыгарып, көкүрөккө бычак менен сайып салган. Андан кийин медициналык тез жардамды чакыртып, өзү кылмыш болгон жерден качып кеткен.

Жактоочусу анын жаш баласы бар экендигин, моралдык жана материалдык зыян төлөнгөндүгүн, жабырлануучу тосмо арыз жазып бергендигин эске алып, камакта калтыруу боюнча чечимди жокко чыгарууну суранган.

Жыйынтыгында соттук коллегия райондук соттун кылмышкерди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости