www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаардык соту үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган жаранды алты жылга эркинен ажыратты. Өкүм 16-апрелде чыккан. Бул тууралуу укук коргоочулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эркек киши аялына карата зомбулук жасаганы үчүн буга чеийн да соттолгон жана ал айыппул төлөшү керек болчу. Бирок ал өкүмдү аткарган эмес. Ошондуктан апрелде өткөн сотто бир нече кылмыштын жыйынтыгын чыгарылган.

«Бул ишти караган судья – «Ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды колдонуу же колдонуу аракети менен бейбаштык»; «Соттун айыптоо өкүмүн аткарбагандыгы»; «Үй-бүлөдөгү зомбулук» кылмыштарынын жыйындысын чыгарган», — деп билдиришти «Справедливость» уюмунан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости