www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви жана премьер-министр Имран Ханга Карачидеги авиакырсыктан көптөгөн адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдирди.

"Президент Мирзиёев Пакистан элине, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты",- деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 22-майда Карачи шаарында Pakistan International Airlines компаниясына таандык жүргүнчү учагы кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза тапкандардын саны 100гө жакындап калды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости