www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы ИИОнун эң ири бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Ички иштер министрлигинин негизги милдети болуп, Кыргыз Республикасындагы маанилүү режимдик объекттердин, тиричиликти жана жашоону камсыздоо объекттеринин коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык ИИМ Күзөт кызматы мамлекеттик жана башка менчик формасындагы объекттерге, ошондой эле жеке адамдарга жана алардын мүлкүнө келишимдик негизде куралдуу күзөттү ишке ашырат; - чет элдик юридикалык жана жеке жактардын башка объекттерине (чектелген аймактарды, имараттарды жана курулмаларды ж.у.с.) менчигинин формасына карабастан куралдуу күзөттү уюштурат; - юридикалык жана жеке жактардын ташып чыгуучу материалдык жана акчалай баалуулуктарын, башка мүлкүн кылмыштуу кол салуулардан куралдуу коргоо, ошондой эле келишимде каралган башка күзөт кызматтарын көрсөтөт; - күзөткө алынган объекттерде, жарандардын батирлеринде жана үйлөрүндө кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу; - республиканын аймагында юридикалык жана жеке жактардын бардык формасындагы менчик объекттерин күзөткө алуунун бирдиктүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - юридикалык жана жеке жактардын бардык формадагы менчик объекттерин кылмыштуу аракеттерден коргоо боюнча чараларды көрүү, болуп саналат.

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМдин башка бөлүктөрү менен бирге кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барат. ИИМдин Күзөт кызматы өлкөдө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда да, өз ишин күчөтүлгөн тартипте алып бара алды.

Мисалга алсак, ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган түйнүнү (БКТ) бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын төрт районунун, ведомствлук милиция полкун жана Аламүдүн районунун аймактарында жайгашкан мекеме-чарбалардын ишенимдүү кайтаруусун камсыз кылат. Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматынын ар бир райондук күзөт бөлүмүндо, борбордук көзөмөл түйүндөрү өз ишин алып барат.

Бүгүнкү күндө, ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу 3000 миңден ашуун мекеме чарба кайтарууда турат, 1300дөн ашык жарандардын үйлөрү жана батирлери, 800дөн ашуун финансы-кредиттик мекемелер кайтарууга алынган. Борборлоштурулган түйүнгө келип түшкөн кабарлар ыкчам тез арада чакыруу түшкөн жерге жетип келе алышат, ал эми тушкөн чакыруулардын себептери ар кандай болот.

Мисалы, жарандар жардам сурап кайрылган учурлар, мекеме-чарбалардан дүрбөлөң баскычы аркылуу чакыруулары. Азырку учурда, замандын талыбы болуп мекеме-чарбаларды ишенимдүү кайтаруунун маанилүү бир бөлүгү болуп бул, анын материалдык-техникалык жабдылышы. ИИМдин Күзөт кызматынын Борборлоштурулган күзөт түйүнү эң алдынкы заманбап кайтаруу техникалары менен жабдылган.

БКТнын кызматкерлери, анын ичинен инженерлер жыл сайын тажрыйбасын жогорулатуу боюнча атайын окуу семинарларга, конференцияларга катышып келет.

Ушундай иш-чаралардын алкагында эл-аралык кызматташтыкты бекемдеп, кандайдыр бир учурларда мекеме-чарбаларды кайтаруунунун натыйжалуу ыкмалары менен тажрыйба алмашуулар байма-бай жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары, өлкөбүздөгү пандемия учурунда, кээ бир экономикалык чөйрөдөгү мекеме-чарбалардын ишмердүүлүгү токтолуп, чектөө коюлгандыгына байлануштуу, Борбордук күзөт түйүнү аркылуу кайтарууда турган мекмеме-чарбалардын саны жогорулап, өстү. Өзгөчө абал учурунда бир дагы мекеме-чарбага мыйзамсыз кирип кетүүгө жана уурулукка жол берилген жок, бул болсо, мекеме ээлеринин жана жөнөкөй жарандардын ИИМдин Күзөт кызматына болгон ишенимин далилдейт.

Өзгөчө абал учурунда, Күзөт кызматынын БКТнын кызматкерлери өзүлөрүнүн негизги милдетинен тышкары, блок-посттордо кызмат өтөөгө тартылган. Күзөт кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери күнү-түнү ак-ниетүүлүк менен кызмат өтөп, Ата-Мекенибиздин коопсуздугуна жана бейпилдигине өз салымын кошуп келишет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости