www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Турсунбек Акун менен баарлашып, айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--“Чоң казат” кыймылы элди туура жолго үндөп жатабы же адаштырып жатышабы?

--Бул жигиттердин көтөргөн маселеси, принциби, багыты туура. Айтайын дегеним, ашканада,  үйдө, тар чөйрөдө  айтылып, коомчулукка чыкпай турган иштерди коомчулукка чыгарып жатышат. Негизи мен бул балдарды айтылбай турган нерселерди ачыкка чыгарып, талкуу кылгандары үчүн сыйлайм. Эми бирөөлөргө кол жоолук болбой, кимдир бирөөнүн камчысын чаппай аягына чейин турушу керек. Болбосо, элдин аларга болгон ишениминен тез эле ажырап калышат. 

--Булар көтөргөн маселенин баары туурабы же аша чаап кеткен жерлери да барбы?   

--Бирок, айткандарын ишке ашыруунун механизмдерин конституциянын, эл аралык мыйзамдардын негизинде иштеп чыгышы керек. 100 пайыз мыйзамдын баарын жокко чыгарып кайра жазабыз дегени туура эмес. Башкасын айтпаганда дагы мамлекеттүүлүккө зыяны тийип калат.

--Негизи “Чоң казат” көтөргөн маселелерди өкмөт мамлекеттик деңгээлде ишке ашырса болобу?

--Албетте болмок. 3-4 жыл мурун Абылгазиев баштаган өкмөт “Чоң-казат” көтөргөн маселелерди өз программасына киргизип, мамлекеттин эсебинен байыгандарды кустуруу, иш козгоо, каматуу деген маселени баштаганда эл буларды эмес, өкмөттү колдомок. Бул балдарга демилгени убактылуу тарттырып жиберишти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости