www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондогу таксист коронавирус менен ооруган кардары түкүрүп кеткенден кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү жол жүргөнү үчүн 9 фунт стерлинг (800 сомдун тегереги) төлөөдөн баш тартып, унаадан чыгып баратып айдоочуга түкүргөн.

“Менде коронавирус, эми сенда дагы коронавирус”,-деп кардар айтып кетип калган.

Бир нече күндөн кийин айдоочу өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилгенде андан коронавирус аныкталган. Ал ооруканда 3 жума жатып, абалы оорлоп кетип көз жумган.

Таксисттин туугандары аны жерге берүү үчүн акча чогултушту. Алар пландагандан да көп, тагырааагы 6 миң фунт (524 миң сом) чогулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости