www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды. Сүйлөшүүнүн башында Өзбекстандын элчиси Руслан Казакбаевди мамлекеттик жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады жана ага ушул кызматта ийгиликтерди каалады, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун атынан куттуктоолорун айтты.
Өз кезегинде Руслан Казакбаев элчиге өлкөдөгү учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал саясий кырдаал нормалдашып, Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы шайланып, Кыргыз Республикасынын премьер-министри жана өкмөт мүчөлөрү бекитилгенин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы багыттары жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Руслан Казакбаев буга чейин жетишилген келишимдерди толугу менен жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу ал жакынкы аралыкта Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушууга даяр экендигин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Ошентип аянттын ээси, митингдин “мистери” Руслан Казакбаев расмий кызматын баштады. Эми митинг кылып, мыйзам бузуп Ак үй талкалагандар абройлуу кызматка бара тургандыгы ачык болду.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg