www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда вакциналарды өндүрө турган биофармацевтикалык заводдун курулушу ушул жылдын декабрь айында аяктамакчы. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди.

"Заводдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Билим берүү министрлигиндеги кесиптештерибиз иштеп жатышат. Заводду ишке берүү декабрь айына пландаштырылган. Андыктан иш ушул убакытка чейин улантылат. Ал өз убагында бүтөт деп ишенебиз", - деди Цой.

Маалыматтарга караганда, завод Казакстандын Жамбыл облусунда курулуп жатат. Маалымат үчүн, вакциналарды өндүрүүчү биофармацевтикалык заводдун курулушу 2020-жылдын июнь айында башталган. Заводдо коронавирустук вакцинадан тышкары эл аралык стандарттарга жооп берген иммунобиологиялык препараттар чыгарылат.

Эске сала кетсек, 14-октябрдан тарта Казакстандын борборунда COVID-19 эпидемиясынын улануусуна байланыштуу жаңы чектөөлөр жана карантиндик чаралар киргизилген. Акыркы маалыматтарга караганда, Казакстанда коронавирусту 109 миңден ашуун адам жуктурган. Дүйнөдө бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 38 миллиондон ашты. 1 миллиондон ашуун адам оорунун татаалдашынан көз жумган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости