www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-бабаларыбыз нечендеген азап-тозокту башынан кечирип, бирде жеңип, бирде жеңилип, эчен-эчен кыр ашып, каруусун казык кылып, кан-жанын азык кылып жүрүп мураска калтырган өлкөбүздө өнүгүүгө карганда өксүк көп экен...Буга мамлекетибиздеги болуп жаткан учурдагы абал далил.

Муну социалдык- экономикалык, саясий укуктук кризис өкүм сүрүп келгендигинин натыйжасы деп билсек болот. Ажолор акыйкаттыктан тайганда эл-журт тажап, башкача жашоого болгон мүдөөсү күчөп, аны ишке ашыруу максатынан улам Кыргызстанда үчүнчү жолу эл толкуду.

"Бийлик алмаштырдык, жактагандардын кетирдик", - деп сүйүнүп-сүрдүгүп атабыз. Бирок, ошол эле мезгилде өлкөбүздөгү туруксуздукка байкоо салып турган алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн Кыргыз мамлекетине болгон көз карашы кадимкидей терс болуп жатканын эч ким тана албайт. Батыш мамлекеттерин албаганда да эзелтеден бери стратегиялык өнөктөш болуп келген Россия Федерациясы Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнү токтотту.

Мындай кадам өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу экенин айтышты. Коңшу бир боорлорубуз да ошондой эле кадамдарга барууга аргасыз боло тургандыктары тууралуу маалымат булактары жазып жатышат. Мындай чектөөлөр өлкөдө туруктуулук калыбына келмейинче улана турганы айтылууда. Андыктан тез арада ынтымак-биримдикке келбесек дүйнө коомчулугуна уят болуп эл аралык алакаларга доо кетет. Эки тизгин, бир чылбырды бир адамга өткөрүп бердик. Эми эртерээк эсибизге  келели урматтуу мекендештер! Өсөлү өнүгөлү.  Кыргызстан деген кичинекей мамлекетибизди дүйнөгө жакшы жагынан таанытууга ар бирибиз салым кошолу...

Сайпидин Султаналиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости