www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда айбанаттар үчүн коронавируска каршы «Карнивак-Ков» вакцинасы өндүрүлдү. Бул тууралуу Орусия Айыл чарбасын көзөмөлдөө органынын вице-президенти Константин Савенков билдирди.
Маалыматка ылайык, вакцинанын клиникалык сыноолору 2020-жылдын октябрь айында башталып, сыноодон ит, мышык, түлкү жана башка жаныбарлар өткөн.
Изилдөө учурунда вакцинанын зыяны жок экени аныкталган. Эмделген жаныбарлардын баары ооруга каршы антитело иштеп чыгып, иммунитети алты ай бою коргоодо болгон. Препаратты көп өлчөмдө чыгаруу апрель айында башталат.
Савенковдун айтымында, бул вакцинаны ата мекендик мех фирмаларына, Греция, Польша жана Австрияга жеткирүү мерчемделүүдө. Ошондой эле АКШ, Канада жана Сингапурдун ишканалары да «Карнивак-Ковго» кызыгып жатышканы айтылды.
Булак: NazarNews.kg