www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  Америкада иштеген, 4 жогорку билими бар 1975-жылы туулган, Кыргыз Эл баатыры кадимки Дооронбек Садырбаевдин тууганы Айбек Артыкбаев менен байланышып, эл колдосо, партиялар чакырса, Кыргызстанга келип, алган билимин, чогулткан тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкусу келгени боюнча баарлаштык. Анда сөз башынан болсун.

--Айбек мырза, 4 жогорку билим алыпсыз.  Билимди кайдан жана кандай багытта алгансыз?

--Кырк жашыма чейин дүйнөнү кыдырып, төрт жогорку окуу жайын бүтүрдүм, дагы кошумча төрт окууну аяктадым. ОшТУнун экономика факультетинде, КР Президентинин Башкаруу Академиясын "Мамлекеттик башкаруу" боюнча магистрлигинде, Юридикалык академиянын «юриспруденция» адистигинде, Москвадага Дипломатиялык Академиянын аспирантурасында окудум. "Саясий илимдеринин кандидаты» илимий даражасын коргодум. Ошондой эле Индияда «Компьютердик технология», Англия менен Америкада «Англис тили», Малайзияда «Долборлорду башкаруу жана аларды өнүктүрүү» боюнча курстарда да окудум.

Кичинекейимде чоң атам Артыкбай-ажы мага бата берип, тилек кылгандай, 2009-2012-жылдары өзүмдүн сүйгөн кесибимде: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык кызматтарда иштеп, аталган министрликтин түштүк регион боюнча атайын-ыйгарымдуу өкүлү болуп турдум, андан соң премьер-министрлер Ж.Оторбаев менен Т.Сариевдин убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында да иштеп, Жогорку Кеңештин Эл-аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен тыгыз иштештим. Өкмөттө жана Жогорку Кеңеште кантип мыйзамдар жазылат, кандай кабыл алынарынан бери  үйрөнүп тажрыйбамды ашырдым.

Мен министрдин, депутаттын, элчинин, губернатордун, акимдин, же бир бай адамдын баласы болгон эмесмин! Үстүдөгү билимдерди Өкмөтүн же кайсыл бир демөөрчүлөрдүн акчасына эмес, өзүм иштеп тапкан акчама окудум. Окуп  жүрүп да иштеп, бала-чакамды да чоңойтуп жакшы тарбия бергенге аракет кылдым. 

Менин баардык жетишкендигим жана байлыгым - бул менин билимим жана тажрыйбам!

--Азыр Америкада эмне иш менен алектенесиз?

--Азыркы учурда үй-бүлөм менен Америкада жашап, туризм тармагындагы өз бизнесим менен шугулданып жүрөм. Эгерде элим мени колдоп, чакырса Кыргызстанга келгенге даярмын. Алган билимимди жана тажрыйбамды пайдаланып, элим үчүн кызмат кылып бергенге, өлкөм үчүн иштеп, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошсом деген ниетим бар.  

--Шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

--Келе жаткан парламенттик шайлоодо эл акчага алданбай,  куру убадаларга азгырылбай, бир эки күндүк оокатыбыз үчүн туура эмес адамдарды тандап албай, өзүбүздүн жана балдарыбыздын, мамлекетибиздин  келечеги үчүн  билимдүү, тажрыйбалуу уул-кыздарды  шайласа ийгиликке жетебиз, Кыргызстанды өнүктүрүүгө   кадам таштайбы. 

Элим  бу сапар «бир коом - бир жүрөк» деген ураандын негизинде өзүбүздүн билимдүү жана тажрыйбалуу уул-кыздарыбызды шайласа мамлекетибизди кризистен чыгарып, экономиканы жогорулатуунун жолун табат элек. 

--Партиялар катарына добуш алып бере тургандарды кошот. Сизде жетиштүү добуш алып берем деген ишеним барбы?

--Мисалы, Менин Атажуртум, Тагажуртум жана Кайынжуртум болгон Ноокен районунун Арал, Шайдан жана Масы айыл өкмөтүнүн 24 миңдей шайлоочусу болсо, анын 12-13 миңдейи гана шайлоого катышат экен. Ошонун жок дегенде 7-8 миң кишиси биригип добушун бир талапкерге берсе, Кыргызстандагы чоң партиялардын баары бизге мандат ыйгарууга кепилдик беришет эле. Депутат болгон уул-кызы биринчи ирет өз шайлоочуларынын маселелерин чечмек.

--Буга чейин ара-чолодо мамлекеттик да кызматтарда иштепсиз. Элиңизге жардам бере алдыңызбы?

--2015-2018-жылдары депутат же министр болбосом да Ноокен районунун Масы Айыл Өкмөтүнө 2-заманбап мечит, 2-мектепке спортук күрөш боюнча маттарды, Шайдан Айыл Өкмөтүнө заманбап 3-чоң мечит, 1-медресеге жардам бердим. 1-мечит менен 3-мектепке спорттук күрөш боюнча маттарды, ошондой эле Ноокен Айыл Өкмөтүнө заманбап 1 мечит менен 1 медресени кура турган демөөрчүлөрдү таап, курдуруп бердим.

Ошондой эле, ушул жылдын апрель айында Ноокен ройонундагы 50 үй бүлөөгө тамак аш, 25 үй бүлөөгө ун жардам кылдык.  Орозо Айта америкадагы достор болуп 200дөй үй бүлөөгө орозо фитр берип уюштурдук. 

Кыгызстандагы болуп жаткан абаалды көрүп жөн олтура албай, кечээ 6-июлда акча чогултууну уюштуруп баштадым. Канча акча каражат топтолсо баарына Кытай менен Түркиядан керектүү медициналык буюмдарды алып Кыргызстанга жиберебиз.

Мен деле элиме жардам берсем, маселесин чечсем деген адаммын. Мен да элиме пайдам тийсе, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошсом деген ниеттемин.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости